# 83-статья. Тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чаралары

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 21.09.1998 [Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/131)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920039..920040>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 83-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-83

---

(1) Эгерде, анын оңолуп-түзөлүшүнө тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жетишүүгө мүмкүн деп табылса, биринчи жолу чоң коркунуч келтирилбеген кылмыш, же анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетпеген өспүрүм кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. (2) Жашы жетпеген өспүрүмгө төмөндөгүдөй мажбурлоо чаралары:

1) эскертүү;

2) ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдардын, же болбосо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көзөмөлүнө берүү;

3) жашы жетпеген өспүрүмдүн бош убактысын чектөө жана жүрүм-турумуна карата өзгөчө талаптарды белгилөө дайындалышы мүмкүн.

(3) Жашы жетпеген өспүрүмгө бир эле мезгилде тарбиялык таасир тийгизүүчү бир нече мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган тарбиялык таасир берүүчү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү анча чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасаганда бир айдан эки жылга чейинки узактыкта жана анчейин оор эмес кылмыш жасаганда - алты айдан үч жылга чейин белгиленет. (4) Жашы жетпеген өспүрүм тарабынан тарбиялык таасир тийгизүүчү мажбурлоо чараларын аткарбоо үргүлжүкө айланган учурда, жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын сунушу боюнча бул чара бузулат жана материалдар жашы жетпегенди кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн жөнөтүлөт. (КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-82)  
Кийинки берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-84)
