# 82-статья. Жашы жетпегенге эркиндигинен ажыратууну белгилөө

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 82-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-82

---

(1) Он сегиз жашка чыкканга чейин кылмыш жасаган адамды эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү төмөндөгүдөн ашпайт:

1) анча чоң эмес кылмыш үчүн - бир жылдан;

2) анчейин оор эмес кылмыштар үчүн - үч жылдан;

3) оор кылмыш үчүн -беш жылдан;

4) өзгөчө оор кылмыш үчүн - он жылдан.

(2) Кылмыштар же өкүмдөр жыйындысы боюнча жаза белгилөөдө эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш. (3) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейин чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган жашы жете элек соттолгон адамга, ошондой эле чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды биринчи жолу жасаган калган жашы жетпеген адамдарга дайындалышы мүмкүн эмес. (4) (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (5) Өкүм чыгарылган учурда он сегизге чыга элек жашы жетпегендерге эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялык абактарда өтөө белгиленет. (6) Тарбиялык абактарда жаза өтөө:

1) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон, жашы жетпеген эркек балдарга, ошондой эле жашы жетпеген кыздарга - жалпы тартиптеги абактарда;

2) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн, жашы жетпеген эркек балдарга, - күчөтүлгөн тартиптеги абактарда өтөө белгиленет.

(7) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук деңгээлине, күнөөкөрдүн инсандыгына жана иштин башка жагдайларына жараша сот тарабынан кабыл алынган чечимдин жүйөлөрүн көрсөтүү менен соттолгон жашы жетпеген эркек балдарга эркиндигинен ажыратууну - жалпы тартиптеги тарбиялык абактарда өтөө белгилениши мүмкүн. (8) Он төрттөн он алты жашка чейинки курагында соттолгон жашы жетпеген адамга оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындаганда ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган жазанын төмөнкү чеги жарымына кыскартылат. (КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-81)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-83)
