# 80-1-статья. Жашы жетпегенге дайындалуучу айып

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-80-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 80-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-80-1

---

(1) Айып он алты жашка чыккан жашы жетпегенге карата колдонулат. Айып жыйырмадан отузга чейинки эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө белгиленет. (2) Айып жашы жетпеген соттолгон адамдын өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алууга айландырыла турган мүлкү болгондо гана дайындалат. Жашы жетпегенге дайындалган айып соттун чечими боюнча анын ата-энелери же башка мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан төлөнүшү мүмкүн. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-80)  
Кийинки берене: [80-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-80-2)
