# 69-статья. Жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2017 года № 102 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.06.2017 [Закон КР от 14 июня 2017 года № 102 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111611); 22.11.2016 [Закон КР от 22 ноября 2016 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111464); 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 01.11.2013 [Закон КР от 1 ноября 2013 года № 198 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205055); 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203381); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920083..920084>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 69-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-69

---

(1) Эгерде сот анын оңолушу үчүн сот дайындаган жазаны толук өтөөгө муктаж эмес деп тапса, эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоо, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөө түрүндө жазасын өтөп жаткан адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн. Мында адам кошумча жазадан толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн. (2) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну колдонуу менен сот адамга ушул Кодекстин 63-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган милдеттерди жүктөшү мүмкүн, адам аларды жазанын өтөлбөй калган бөлүгү ичинде аткарууга тийиш. (3) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу соттолгон адам иш жүзүндө:

1) анча чоң эмес жана анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн бирин, ал эми жабырлануучу менен жарашкан жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген учурда - жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин өтөгөндөн кийин;

2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын, ал эми жабырлануучу менен жарашканда жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп берген учурда - жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен экисин өтөгөндөн кийин;

3) өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн;

(31) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу төмөнкү соттолгонго карата колдонулат:

1) эгерде мындай көз карандылык болсо, баңги жана (же) ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же болбосо кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;

2) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтургандан кийин.

4) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүнүн кеминде бештен төртүн;

5) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылгандар жаза мөөнөтүнүн кеминде алтыдан бешин өтөгөндөн кийин гана колдонулушу мүмкүн.

(4) Адам үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны иш жүзүндө өтөөнүн мөөнөтү алты айдан кем болбоого тийиш. (5) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөп жаткан адам, эгерде сот тарабынан ал мындай жазаны андан ары өтөөгө муктаж эмес деп таанылса жана эркиндигинен ажыратуунун кеминде отуз жылын өтөсө, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулушу мүмкүн. (6) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүү ички иштер органдарынын көмөгү алдында жазык-аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматындагыларга карата аскер бөлүгүндөр менен мекемелердин командачылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат. (7) Эгерде, жазанын өтөлбөй калган мөөнөтүнүн ичинде:

1) соттолгон адам коомдук тартипти бузса, ал үчүн ага администрациялык жаза берилсе, же мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну колдонууда ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан кыянаттык менен качса, сот ушул статьянын алтынчы бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын сунушу боюнча мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну бузуу жана жазанын өтөлбөй калган бөлүгүн аткаруу жөнүндө токтом чыгарат;

2) соттолгон адам байкабастыктан кылмыш жасаса, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну бузуу же сактоо маселеси сот тарабынан чечилет.

3) соттолгон адам атайылап кылмыш жасаса, сот ага ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза колдонот. Эгерде сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгарса, байкабастан кылмыш жасаган учурда жаза ошол эле эрежелер боюнча дайындалат.

4) соттолгон жаңы кылмыш жасаса жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.

(8) Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармалып турган, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөөгө соттолгондорго контроль жүргүзүүнүн мөөнөтү жаза мөөнөтүнүн өтөлбөгөн бөлүгүнө, ал эми өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган соттолгондорго - беш жылга барабар болот. (81) Жаш балага жана жашы жетпегенге карата каршы кылмыш жасагандыгына байланыштуу жазасын өтөп жаткан адамга шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуунун колдонулушу мүмкүн эмес.

9) Шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу жамааттын (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 226 - 2266, 227, 232, 294, 295-1, 299 - 2993 жана 375-статьяларда каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата колдонулбайт.

(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы кылмыш жасаган соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуш кылынбайт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198, 2016-жылдын 2-августундагы № 162, 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185, 2017-жылдын 14-июнундагы № 102 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-68)  
Кийинки берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-70)
