# 67-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскириши

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 21.04.2014 [Закон КР от 21 апреля 2014 года № 62 "О внесении дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205284); 01.11.2013 [Закон КР от 1 ноября 2013 года № 198 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205055); 29.04.2013 [Закон КР от 29 апреля 2013 года № 64 "О внесении дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203871); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 67-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-67

---

(1) Эгерде кылмыш жасаган күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөр:

1) чоң коркунуч келтирбеген кылмыш жасалгандан кийин бир жыл;

2) анча оор эмес кылмыш жасалгандан кийин үч жыл;

3) оор кылмыш жасалгандан кийин жети жыл;

4) ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, өзгөчө оор кылмыш жасагандан кийин он жылга.

(2) Эскирүү мөөнөтү кылмыш жасалган күндөн тартып жана соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурга чейин эсепке алынат. (3) Адам жаны кылмыш жасаган учурда эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш боюнча өзүнчө эсепке алынат. (4) Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качып жүрсө эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү адам кармалган учурдан же ал күнөөсүн мойнуна алып келгенден тартып кайра жаңыртылат. (4-1) Эгерде иммунитетке ээ адамга карата жазык иши козголсо жана иммунитеттин болгонуна байланыштуу ал токтотулса, анда ушул учурда эскирүү мөөнөтү токтотула турат. (5) Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу белгилениши мүмкүн болгон кылмыш жасаган адамга карата эскирүү мөөнөттөрүн колдонуу жөнүндөгү маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот ага карата эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу колдонулбайт, эркиндигинен ажыратуу дайындалат. (6) Тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаган, ошондой эле ушул Кодекстин 226 - 2266, 227, 232, 292, 294, 2951, 299 - 2993, 303-статьяларында жана 304-статьясынын 4-бөлүгүндө, 375-статьясында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт. (7) Жашы жетпегендерге карата инсандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү 15 жылды түзөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 64, 2013-жылдын 1-ноябрындагы № 198, 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 62, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [66-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-66-1)  
Кийинки берене: [68-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-68)
