Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
66-1-статья. Кепилге өткөрүп берүү менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эгерде иштин жагдайы боюнча адам тарабынан жасалган кылмыштын белгилерин камтыган жосун жана бул адамдын өзү коомчулукка чоң коркунуч болбосо, ошондой эле адам келтирилген материалдык чыгымды же залалды четтетсе, анда кылмыш жасалган учурда ал иштеген (окуган) жердеги коомдук уюмдун, эмгек жамаатынын же билим берүү мекемесинин өтүнмөсү боюнча ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу жана кайра тарбиялоо жана оңоо үчүн өтүнмө берген коомдук уюмга, эмгек жамаатына же билим берүү мекемесине кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн. (2) Билип туруп анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыш жасаган, бул үчүн алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган адам кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн. (3) Мурда билип туруп кылмыш жасаганы үчүн соттолгон же мурда да кепилге берилген адамдын, ошондой эле ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдардын кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Өзүн күнөөлүмүн деп эсептебеген же кандайдыр бир себептер менен иштин сотто каралышын талап кылган адамдын да кепилге өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. (4) Кылмыш жасаган адамды кепилге өткөрүп берип жатканда белгилүү бир жерлерге барууга тыюу салынышы же эс алуусуна чектөө коюлушу мүмкүн. (5) Эгерде кепилге алынган адам бир жыл ичинде жаматтын ишеничин актабаса, жакшы жүрүм-туруму жана адал эмгеги менен өзүнүн оңолгонун далилдейм деген убадасын бузса же коомдук таасир тийгизүүдөн качуу максатында эмгек жамаатын таштап кетсе, анда аны кепилге алган коомдук уюм, эмгек жамааты же билим берүү мекемеси кепилдиктен баш тартуу тууралуу чечим чыгарат жана кылмыштын белгилери бар жосунду жасаганы үчүн кепилге өткөрүп берилген адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн бул чечимди прокуратурага же сотко жөнөтөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-66-1" title="66-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>