# 64-статья. Шарттуу соттоону жокко чыгаруу же сынак мөөнөтүн узартуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 марта 2002 года № 36 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=919973..919974>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 64-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-64

---

(1) Эгерде сынак мөөнөтү бүткөнчө шарттуу соттолгон адам өзүнүн жүрүм-туруму менен өзүнүн оңолгондугун далилдесе, сот шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча шарттуу соттоону жокко чыгаруу жана соттолгондун соттуулугун алып салуу жөнүндө токтом чыгара алат. Мында шарттуу соттоо белгиленген сынак мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин жокко чыгарылышы мүмкүн. (2) Эгерде шарттуу соттолгон адам ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан качса же коомдук тартипти бузса, ал үчүн ага администрациялык жаза берилсе, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча сынак мөөнөтүн узарта алат, бирок ал бир жылдан ашык болбоого тийиш. (3) Шарттуу соттолгон адам сынак мөөнөтүнүн ичинде ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди дайыма же кыянаттык менен бузган учурда, сот ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдын сунушу боюнча шарттуу соттоону жокко чыгаруу жана соттун өкүмү менен белгиленген жазаны аткаруу жөнүндө токтом чыгара алат. (4) Шарттуу соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот ушул Кодекстин 60-статьясында каралган эрежелер боюнча жаза белгилейт. Мында сот шарттуу соттоону жокко чыгарат, алдын ала камакка алуудан башка, мурдагы өкүм боюнча жазаны өтөлө элек деп эсептейт. (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-63)  
Кийинки берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-65)
