# 63-статья. Шарттуу соттоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 09.07.2013 [Закон КР от 9 июля 2013 года № 126 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203934); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203381); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 12.03.2002 [Закон КР от 12 марта 2002 года № 36 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/988)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 63-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-63

---

(1) Эгерде сот эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык бөлүктө кармоо түрүндө жаза белгилөөдө жасалган кылмыштын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен, жазаны өтөбөй эле, бирок анын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү шарттарында соттолгондун оңолушу мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда күнөөкөргө карата жазаны шарттуу колдонбоо жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде алар тарабынан белгиленген сынак мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам жаңы кылмыш жасабаса жана ага сот жүктөгөн милдеттерди аткарса, мындай учурда өкүм аткарылбайт. (2) Шарттуу соттоо белгиленгенде мүлктү конфискациялоодон тышкары кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн. (3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейинки убакытка белгиленет. (4) Сот шарттуу соттогондо, ага карата негиздер болгондо, соттолгон адамды белгилүү бир мөөнөттө келтирилген зыянды четтетүүгө, жумушка же окууга кирүүгө, жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин алмаштырбоого, иштеген же окуган жери өзгөрүлгөндүгү жөнүндө жазык-аткаруу инспекциясына маалымдоого, жазык-аткаруу инспекциясына катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип турууга, аларга маалымдабай туруп туруктуу жашаган жеринен кетпөөгө, белгилүү бир жерлерге барбоого, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин жашаган жеринде болууга, алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан жана жыныстык оорудан дарылануу курсунан өтүүгө милдеттендире алат. Сот шарттуу соттолгонго анын оңолушуна көмөктөшүүчү башка милдеттерди аткарууну да жүктөй алат. (5) Шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү ички иштер органдарынын көмөгү алдында жазык-аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматындагыларга карата аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы жүзөгө ашырат. (6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот шарттуу соттолгондун жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча, соттолгон адам үчүн мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же кошумчалашы мүмкүн. (7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыздардын жана жашы жете элек адамдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга, ушул Кодекстин 224, 225, 226 - 2266, 227, 232, 299 - 2993, 303-315 жана 375-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт. (8) (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36 Мыйзамына ылайык алынып салынды) (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2011-жылдын 26-июлундагы № 141, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-62)  
Кийинки берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-64)
