6-статья. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын граждандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган граждандыгы жок адамдар, чет мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча жазага тартылышпаса, ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликке тартылууга тийиш. (2) Чет мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын граждандары ошол мамлекетке кармалып берилбейт. (3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же жазасын өтөө үчүн Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекетке кармалып берилиши мүмкүн. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-6" title="6-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>