# 59-статья. Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/131)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920089..919970>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 59-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-59

---

(1) Кылмыштар жыйындысы боюнча сот ар бир кылмыш боюнча өзүнчө жаза белгилеп, ушул Кодекстин 49-статьясында белгиленген чектерде толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен жазаны биротоло белгилейт. (2) Сот негизги жазага, адам жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган кылмыштар үчүн белгиленген кошумча жазаларды кошуп кое алат. (3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат. (4) Эгерде иш боюнча өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адамдын, биринчи иш боюнча өкүм чыкканга чейин ал тарабынан жасалган башка кылмыш үчүн күнөөлүү экендиги айкындалса, жаза ушул эле эрежелер боюнча дайындалат. Мындай учурда жаза мөөнөтүнө биринчи өкүм боюнча өтөлгөн жаза кошулуп эсептелет. (КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-58)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-60)
