# 58-статья. Өнөкөт кылмыштар учурунда жаза белгилөө

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 58-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-58

---

(1) Өнөкөт, коркунучтуу өнөкөт жана өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн жаза белгилөөдө жасалган кылмыштардын саны, мүнөзү, оордугу жана кесепеттери, мурдагы жазанын түзөтүүчү таасирин жетишсиз кылган жагдайлар, ошондой эле жаңы кылмыштардын мүнөзү, оордугу жана кесепеттери эске алынат. (2) Өнөкөт кылмыштар үчүн жазанын өлчөмү жасалган кылмыш үчүн каралган эң жогорку жазанын жарымынан, коркунучтуу өнөкөт кылмыштар үчүн - үчтөн экисинен, ал эми өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн төрттөн үчүнөн кем болбоого тийиш. (3) Ушул Кодекстин 56-статьясында каралган өзгөчө жагдайлар болгондо өнөкөт кылмыштар үчүн жаза ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган чектөөлөрдү эске албастан белгиленет. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-57)  
Кийинки берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-59)
