# 57-статья. Кылмышка даярдануу, кылмыш далалаты үчүн жана кылмыш жасоого кошо катышкандыгы үчүн жаза белгилөө

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202917)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920026..920027>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 57-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-57

---

(1) Кылмышка даярдануу жана кылмыш далалаты үчүн жаза белгилөөдө сот күнөөкөр жасаган аракеттердин мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, кылмыштуу ниеттин жүзөгө ашырылышынын деңгээлин жана кылмыштын аягына чыкпай калышына таасир эткен себептерди эске алат. (2) Кылмышка шериктеш болгондорго жаза белгилөөдө сот алардын ар биринин кылмышты жасоого катышуусунун мүнөзүн жана деңгээлин эске алат. Ар бир шериктин инсандыгына таандык оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлар, сот тарабынан ошол шерикке жаза колдонууда гана эске алынат. (3) Кылмышка даярдангандыгы жана кылмыш далалаты үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалбайт. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-58)
