# 46-3-статья. Эркиндикти чектөө

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 46-3-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-3

---

(1) Эркиндикти чектөө соттолгон адамга карата сот тарабынан анын эркиндигин чектеген белгилүү бир милдеттердин салынганын билдирет жана адистештирилген мамлекеттик органдын көзөмөлү астында коомдон ажыратпай ал жашаган жер боюнча өтөлөт. (2) Анча оор эмес же анчейин оор эмес кылмышты жасаганы үчүн алты айдан беш жылга чейинки эркиндигин чектөө дайындалат. Жаза коомдук иштерге тартуу түрүндөгү эркиндигин чектөө менен алмаштырылганда, ал алты айдан азыраак мөөнөткө дайындалышы мүмкүн. (3) Сот эркиндикти чектөө түрүндөгү жазаны дайындоо менен соттолгон адамга төмөндөгү бир же бир нече милдеттерди: туруктуу жашаган жерин, ишин жана окуусун көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органга кабарлабай туруп алмаштырбоо, окуудан жана иштен бош убагында белгилүү жерлерге барбоо; көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын уруксатысыз башка жерлерге машина менен кетип калбоо милдеттерин жүктөйт. Сот эркиндиги чектелүүгө соттолгон адамга анын оңолушуна көмөк берүүчү башка милдеттерди: алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан дарылоо курсунан өтүүнү, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүүнү аткарууну да жүктөй алат. (4) Эркиндигин чектөөгө соттолгон адам жазасын өтөөдөн кыянаттык менен качкан учурда, жазанын аткарылышын башкаруучу органдын сунуштамасы боюнча сот эркиндигин чектөөнүн өтөлө элек бөлүгүн ошол эле мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыра алат. Мында эркиндиги чектелген мөөнөттүн өтөлгөн убакыты эркиндигинен ажыратуунун бир күнү эркиндигин чектөөнүн бир күнү катары эсептөөнүн негизинде эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтүнө кошулат. (5) Туруктуу жашаган жери болбогон жарандарга, четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турушкан адамдарга, ошондой эле аскер кызматчыларына эркиндигин чектөө дайындалбайт. (6) Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөө мезгилинде соттолгон адамдын тартибине көзөмөлдү ишке ашыруучу органдын сунуштамасы боюнча сот соттолгон адамга карата мурда белгиленген милдеттерди толугу менен же жарым-жартылай бузушу же кошумча милдеттерди белгилеши мүмкүн. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-2)  
Кийинки берене: [46-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-4)
