46-2-статья. Түзөтүү жумуштары
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Түзөтүү жумуштары коомдон ажыратпай жана кылмыш жасаганга чейин жашап турган жана иштеген жеринен алып кетпей эле оңдоого жана кайра тарбиялоого мүмкүн болсо, соттолгон адамга дайындалат. (2) Түзөтүү жумуштары анча чоң эмес жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн үч айдан үч жылга чейинки мөөнөткө жана соттолгон адамдын негизги иштеген жеринде же жашап жаткан жериндеги түзөтүү жумуштарынын аткарылышын башкарган орган менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныктала турган дагы башка жерлерде аткаруу дайындалат. (3) Соттун чечими боюнча түзөтүү иштерине соттолгондун ай сайынкы эмгек акысынан мамлекеттин кирешесине бештен жыйырма пайызга чейинки өлчөмдө кармап калуу жүргүзүлөт. (4) Түзөтүү жумуштарына соттолгон адамдар жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качкан учурда, сот жазанын аткарылышын башкарган органдын сунуштамасы боюнча түзөтүү жумуштарын бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырышы мүмкүн. (5) Эмгекке жараксыз деп таанылган адамдарга же өндүрүштөн ажыратылбай окуу жайларында окуп жатышкандарга, аскер кызматчыларына, боюнда бар аялдарга жана үч жашарга чейинки жаш балдары бар аялдарга, I жана II топтогу майыптарга жана туруктуу жашаган же иштеген жери жок адамдарга түзөтүү жумуштары дайындалбайт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-46-2" title="46-2-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>