# 46-1-статья. Зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 46-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-1

---

(1) Зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроо кылмыш-жаза жазасынын түрү катары анча чоң эмес жана оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан дайындалат жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, тийиштүү калктуу конуштун тургундарынын, ошондой эле эмгек жамаатынын катышуусунда эл алдында жабыр тартуучудан кечирим суроону билдирет. (2) Эгерде жабырлануучунун материалдык зыянынын орду толтурулбаган жана жабыр тартуучу кечирим суроону кабыл албаган учурда эл алдында кечирим суроо түрүндөгү жаза дайындалбайт. (3) Бул жаза кошумча жаза катары дайындалганда эл алдында кечирим суроо сотто жасалат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46)  
Кийинки берене: [46-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-46-2)
