# 40-статья. Орундуу тобокелдик

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 40-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-40

---

(1) Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн орундуу тобокелдик жасалган учурда укук тарабынан корголуучу таламдарга келтирилген зыян кылмыш болуп саналбайт. (2) Эгерде жасалган аракет азыркы илимий-техникалык илим-билимге жана тажрыйбага ылайык келсе, ал эми коюлган максатка тобокелчиликке байланышпаган аракеттер менен жетишүүгө мүмкүн болбосо жана тобокелчиликке барган адам укук тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирбөө үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын көрсө, тобокелчилик негиздүү деп табылат. (3) Эгерде тобокелчилик, адамдардын өлүм коркунучу, экологиялык апаат менен, же болбосо атайылап башка оор кесепеттер менен коштолсо, ал негиздүү деп табылбайт.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-41)
