# 38-статья. Кылмыш жасаган адамды кармоодо ага зыян келтирүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 38-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-38

---

(1) Эгерде кармалган адам жасаган жосундун мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулугунун даражасына жана кармоонун жагдайларына кармоо чараларынын ылайыксыздыгына ачык жол берилбесе, кармалганды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында, аны кылмыш жасап жаткан учурда же түздөн-түз жасагандан кийин кармоодо ага зыян келтирүү, кылмыш болуп саналбайт. (2) Кармоонун каражаттары менен ыкмалары жосундун коркунучтуулугуна жана аны жасаган адамга, ошондой эле кармоонун жагдайларына ачык ылайык келбегенде, натыйжада адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чыкпаган, атайылап зыян келтирилгенде, адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан аша чабуу деп табылат. Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-39)
