38-статья. Кылмыш жасаган адамды кармоодо ага зыян келтирүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 8-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эгерде кармалган адам жасаган жосундун мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулугунун даражасына жана кармоонун жагдайларына кармоо чараларынын ылайыксыздыгына ачык жол берилбесе, кармалганды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында, аны кылмыш жасап жаткан учурда же түздөн-түз жасагандан кийин кармоодо ага зыян келтирүү, кылмыш болуп саналбайт. (2) Кармоонун каражаттары менен ыкмалары жосундун коркунучтуулугуна жана аны жасаган адамга, ошондой эле кармоонун жагдайларына ачык ылайык келбегенде, натыйжада адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чыкпаган, атайылап зыян келтирилгенде, адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан аша чабуу деп табылат. Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-38" title="38-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>