# 375-статья. Жалданмачылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 21.07.2015 [Закон КР от 21 июля 2015 года № 184 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111228)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 375-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-375

---

(1) Жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу, - мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Жалданмачынын куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышуусу, - мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) уюмдашкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

4) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Материалдык акы алуу же башка кызыкчылык максатында аракеттенген жана куралдуу кагылышка же согуш аракеттерине катышкан мамлекеттин гражданы болбогон, анын аймагында дайыма жашабаган, ошондой эле расмий милдеттерди аткаруу үчүн жөнөтүлбөгөн адам жалданмачы катары табылат. (КР 2015-жылдын 21-июлундагы № 184, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [374-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-374)  
Кийинки берене: [376-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-376)
