# 371-статья. Машиналарды айдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 371-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-371

---

(1) Аскердик, атайын же транспорттук машиналарды айдоо же пайдалануу эрежелерин бузуу, байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес залал келтирсе же болбосо ири зыян келтирсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, жабырлануучунун өлүмүнө же анын саламаттыгына оор залал келтирүүгө алып келсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар, эки же андан көп адамдын курман болушуна алып келсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн эки жүз эсе ашса, ири өлчөмдөгү зыян деп таанылат. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [370-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-370)  
Кийинки берене: [372-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-372)
