# 370-статья. Курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2007 года № 150 "О внесении изменений и дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202184)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920007..920008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 370-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-370

---

(1) Курал-жаракты, ошондой эле, ок-дарыларды, радиоактивдүү материалдарды, жарылуучу жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу башка заттарды жана нерселерди колдонуу эрежелерин бузганда, мунун өзү байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес залал келтирүүгө, аскердик техниканы жок кылууга же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, - бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун, байкабастыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [369-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-369)  
Кийинки берене: [371-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-371)
