# 37-статья. Аргасыз зарылдык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 8-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 37-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-37

---

(1) Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ошол адамдын же башка адамдардын инсандыгына же укуктарына, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн укук тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирүү, эгерде бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болбосо жана эгерде келтирилген зыян болтурулбаган зыяндан кыйла аз болсо, кылмыш деп табылбайт. (2) Болтурулбаган зыянга тете же андан чоң зыян келтирген, келтирилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына жана коркунуч жоюлуучу жагдайларга айкын-ачык ылайык келбеген зыян келтирүү аргасыз зарылдыктын чектеринен аша чабуу деп табылат. Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-38)
