# 362-статья. Күжүрмөн кезметчиликти аткаруунун эрежелерин бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2007 года № 150 "О внесении изменений и дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202184)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920007..920008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 362-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-362

---

(1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ага капысынан кол салууну өз убагында билүү жана кайра сокку берүү боюнча күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматты) аткаруунун эрежелерин бузуу мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, оор кесепеттерге алып келсе, - үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Күжүрмөн кезметчиликти (күжүрмөн кызматтын) эрежелерин, аларга көңүлкош же ак ниетсиз мамиле жасоонун натыйжасында бузуу, бул оор кесепеттерге алып келсе, - бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [361-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-361)  
Кийинки берене: [363-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-363)
