36-статья. Коргонуу зарылдыгы
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 8-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 февраля 2015 года № 41
(1) Эгерде бул кол салуу коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулук түздөн-түз опузалоону колдонуу менен коштолсо, коргонуунун зарылдык абалында, башкача айтканда, коргонуучу же башка адамдын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомдун же мамлекеттин мыйзамдар менен корголгон кызыкчылыктарын коомдук коркунучтуу кол салуудан коргоодо кол салуучу адамга зыян келтирүү кылмыш болуп саналбайт. (2) Коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулук түздөн-түз опузалоону колдонуу менен коштолбогон болсо, ошондой эле башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга мыйзамсыз кол салуудан коргоо, эгерде мында зарыл коргонуунун чектеринен аша чабууга, башкача айтканда, кол салуунун мүнөзүнө жана коркунучтуулугуна айкын-ачык ылайык келбеген атайын аракеттерге жол берилбесе, мыйзам ченемдүү болуп саналат. (3) Кол салуунун мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулугунун деңгээлине коргонуунун айкын-ачык ылайык келбегендиги зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу деп таанылат, анын натыйжасында кол салуучуга айкын-ачык ашыкча, жагдайдан келип чыкпаган оор зыян келтирилет. (4) Эгерде коргонуучу адам ага кол салуунун күтүүсүздүгүнүн натыйжасында, бул кол салуунун коркунучтуулук даражасын жана мүнөзүн объективдүү баалай албаса, коргонуучу адамдын аракеттери зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу деп саналбайт. Мында кол салуучуга залал келтирүү, анын ичинде күтүүсүз кол салуу менен же болбосо байкабастык менен байланыштуу өлүмгө алып келүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт. (5) Мыйзамдуу негизде турак-жайда жашаган (турган) адамдын эркине каршы бул турак-жайга кол салган адамдын мыйзамсыз басып кирүүсүнөн коргонууда коргонуучу адамдын кол салуучуга залал келтирген, анын ичинде анын өлүмүнө алып келген аракеттери зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу болуп саналбайт. (6) Кол салуучуга келтирилген зыяндын оордугуна карабастан, төмөнкүлөр үчүн куралды же кандай гана болбосун башка каражаттарды же болбосо курал-жаракты колдонуу да зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу болуп саналбайт жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт:
1) куралчан адамдын кол салуусунан коргонуу;
2) топтордун кол салуусунан коргонуу.
Ушул статьяда кош бойлуулуктун айкын-ачык белгилери бар аялдардын же болбосо айкын-ачык жаш бала болуп саналган адамдардын кол салуусун кошпогондо, эки жана андан көп адамдардын кол салуусу топтук кол салуу деп эсептелет. (7) Ушул статьянын жоболору алардын кесиптик же бөлөк атайын даярдыгына жана кызматтык абалына карабастан, ошондой эле коомдук коркунучтуу кол салуудан качуу же болбосо башка адамдарга же бийлик органдарына жардамга кайрылуу мүмкүндүгүнө карабастан, бардык адамдарга бирдей өлчөмдө жайылтылат. (КР 2015-жылдын 27-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-36" title="36-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>