# 357-статья. Башчыга карата зомбулук аракеттерди жасоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2007 года № 150 "О внесении изменений и дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202184)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920007..920008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 357-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-357

---

(1) Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга байланыштуу же аскердик кызмат боюнча милдеттерин аткарып жаткан убакта башчыны уруп-сабаганда же башка зомбулук көрсөткөндө, - бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) адамдар тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу тарабынан;

3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

4) курал колдонуу менен;

5) саламаттыкка оор же болбосо анча оор эмес залал келтирүү менен жасалса, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, -

үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [356-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-356)  
Кийинки берене: [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-358)
