# 356-статья. Башчыга каршылык көрсөтүү же аны кызматтык милдеттерин бузууга мажбурлоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 356-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-356

---

(1) Башчыга, ошого тете аскердик кызмат боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткаруучу башка адамга каршылык көрсөтүү, же аларды бул милдеттерди бузууга мажбурлоо, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолсо, - бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан курал колдонуу менен жасалса, же саламаттыкка оор залал келтирсе, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, - үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [355-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-355)  
Кийинки берене: [357-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-357)
