# 354-статья. Аскердик кылмыш түшүнүгү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 354-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-354

---

(1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, аскердик курулуш отряддарында (бөлүктөрүндө), башка аскерлеринде жана аскердик кошуундардын аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле запаста жүргөн граждандар тарабынан алар аскердик жыйындарда жүргөндө аскер кызматын өтөөнүн белгиленген тартиптерине каршы ушул главада көрсөтүлгөн кылмыштарды жасашы аскердик кылмыштар деп табылат. (2) Ушул главанын тийиштүү статьялары боюнча, өздөрү үчүн кызмат өтөөнүн белгиленген тартибине каршы кылмыштары үчүн аскердик куруучулар, ошондой эле кызматтары аскердик кызматка теңештирилген аскерлештирилген кошуундардын өздүк курамы жоопкерчиликке тартылышат. (3) Аскердик абалдын шартында, согуш мезгилинде, же болбосо согуш абалынын кырдаалында жасалган аскердик кылмыштар үчүн жоопкерчилик согуш мезгилинин мыйзамдары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [353-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-353)  
Кийинки берене: [355-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-355)
