# 350-статья. Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 180 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203989); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203196)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-350>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-350.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 350-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-350

---

(1) Укук берген же милдеттерден бошоткон расмий документти ушундай документти жасоочунун өзү же башка адам пайдалануу максатында колго жасоосу же болбосо мындай документти сатуу, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, мамлекеттик сыйлыктардын жасалма штамптарын, мөөрлөрүн, бланктарын ошого тете, ошондой эле максатта даярдоо же болбосо аларды сатуу - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Билип туруп жасалма документти колдонуу - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Башка кылмышты жаап-жашыруу же жасалган кылмышты жеңилдетүү максатында жасалган ошол эле жосундар, - төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган, менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалган жосундар, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам тарабынан жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (6) ушул статьянын 1-5-бөлүктөрүндө каралган жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2013-жылдын 3-августундагы № 180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [349-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-349)  
Кийинки берене: [351-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-351)
