# 346-статья. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 346-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-346

---

(1) Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөндө, - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобу, уюшкан кылмыштуу топ тарабынан же болбосо зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Бул статья саясий баш калкалоо укугун пайдалануу үчүн келген чет өлкөлүк граждандарга же граждандыгы жок адамдарга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [345-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-345)  
Кийинки берене: [347-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-347)
