# 345-статья. Жазаларды аткаруу тутумундагы мекемелердин кадыресе ишине тоскоолдук келтирүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 345-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-345

---

(1) Эркиндигинен ажыратуу же камакта кармоо жайынын кызматкерине карата, ошондой эле соттолгон адамга карата аны түзөтүүгө тоскоолдук кылуу максатында же коомдук милдеттерди аткаргандыгы үчүн өч алуу үчүн зомбулук көрсөтөм деп коркутканда, - төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата өмүрүнө же саламаттыгына коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү, - үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосундар, өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен жасалса, же болбосо уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-344)  
Кийинки берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-346)
