# 332-статья. Көрсөтмөлөрдү берүү же көрсөтмөлөрдү берүүдөн качуу, же болбосо туура эмес которуу үчүн паралап сатып алуу же мажбурлоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920004..920005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 332-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-332

---

(1) Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүү максатында же болбосо экспертти, адисти жалган корутунду берүү максатында, ошого тете котормону туура эмес жүзөгө ашыруу максатында тилмечти паралап сатып алуу, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга жазаланат. (2) Күбөнү, жабырлануучуну жалган көрсөтмөлөрдү берүүгө, экспертти, адисти жалган корутунду берүүгө же тилмечти туура эмес которууну жүзөгө ашырууга мажбурлаганда, ошого тете көрсөтүлгөн адамдарды көрсөтмөлөрдү берүүдөн качууга мажбурлаганда, опуза кылганда, өлтүрөм деп коркутканда мунун өзү адамдардын же алардын жакындарынын саламаттыгына залал келтирүү, мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолсо, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган аракеттер, көрсөтүлгөн адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтүү менен жасалса, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан же болбосо көрсөтүлгөн адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен жасалса, - үч жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-331)  
Кийинки берене: [333-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-333)
