# 330-статья. Атайылап жалган көрсөтмөлөрдү берүү, эксперттин, адистин жалган корутунду чыгаруусу же туура эмес которуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 мая 2012 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203648)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.05.2012 [Закон КР от 8 мая 2012 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203648); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920037..920038>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 330-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-330

---

(1) Күбө, жабырлануучу атайылап жалган көрсөтмөлөрдү бергенде, же болбосо эксперт жалган корутунду чыгарганда же көрсөтмө бергенде, адис жалган көрсөтмө бергенде, ошого тете сотто, же болбосо тергөөдө атайылап туура эмес которуу, - сексенден бир жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга, же эки жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, адамды оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен байланыштырылса, - беш жүздөн беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде күбө, жабырлануучу, эксперт, адис же тилмеч тергөөнүн же соттук териштирүүнүн жүрүшүндө соттун өкүмү же соттун чечими чыкканга чейин алар берген көрсөтмөлөрдүн, корутундулардын жалгандыгы же атайылап туура эмес которуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө билдиришсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушат. (КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамы менен 330-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

---

Мурунку берене: [329-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-329)  
Кийинки берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-331)
