# 321-1-статья. Кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-321-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 321-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-321-1

---

(1) Тергөөчү, прокурор тарабынан кылмыш белгилери, ошондой эле кылмыш-жаза ишин козгоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган себептер жана жетиштүү негиздер жок болгондо кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо, - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Оор жана өзгөчө оор кылмыштын белгилери боюнча кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо менен байланышкан ошол эле жосун, - беш жүздөн миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ишкердик ишке тоскоолдук кылуу же болбосо пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктарды көздөө максатында жасалган жана олуттуу зыян келтирүүгө алып келген ошол эле жосун, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ири зыян келтирүүгө алып келген жосун, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Менчик ээсинин эркинен тышкары аны алмаштыруу максатында жасалган ошол эле жосун, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда олуттуу зыян деп анын суммасы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашпаган зыян таанылат. Ушул статьяда ири зыян деп анын суммасы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашкан зыян таанылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2017-жылдын 22-ноябрындагы N 191 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [321-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-321)  
Кийинки берене: [322-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-322)
