320-статья. Сот адилеттигин же тергөөнү жүзөгө ашырууга байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттерди жасоо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 31-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 мая 2012 года № 48
(1) Иштерди же материалдарды сотто кароого байланыштуу судьяга, сот арачысына же сот адилеттигин аткарууга катышкан башка адамдарга, ошого тете алардын жакындарына карата өлтүрөм, саламаттыгына зыян келтирем же мүлкүңө зыян келтирем же жок кылам деп коркутканда, - эки жүздөн жети миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар тергөө жүргүзүүгө, иштерди же материалдарды сотто кароого же болбосо соттун өкүмүн, чечимин же башка сот актысын аткарууга байланыштуу прокурорго, тергөөчүгө, алгачкы текшерүүнү жүргүзгөн органдын кызматкерине, коргоочуга, экспертке, адиске, сот аткаруучусуна, ошого тете алардын жакындарына карата жасалса, - эки жүздөн жети миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айып салууга, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу эмес зомбулук көрсөтүү менен жасалса, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен жасалса, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
320-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 мая 2012 года № 48 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2009 года № 234 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-320" title="320-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>