# 316-статья. Шалаакылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 27.10.2011 [Закон КР от 27 октября 2011 года № 185 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203424); 29.12.2008 [Закон КР от 29 декабря 2008 года № 274 "О внесении изменений и дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202490); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 316-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-316

---

(1) Шалаакылык, башкача айтканда кызматка ак ниетсиз же көңүл кош мамиле жасоонун кесепетинен кызмат адамы тарабынан өз милдеттерин аткарбоо же ойдогудай эмес аткаруу, эгерде бул жарандардын же уюмдардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарына ири зыян же укук бузууларды алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки чейинки өлчөмүндө айып салынат, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, байкабастыктан, адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген жосун, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда ири зыян деп кылмыш жасаган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн мин эсе ашып кеткен зыян эсептелет. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 274, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3151)  
Кийинки берене: [317-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-317)
