# 3151-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.08.2016 [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920072..920074>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-3151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 3151-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3151

---

(1) Кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматчы же кызмат адамы болуп саналбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматчысы тарабынан документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызматтарды ээлөө же иштин белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат. (2) Кызматка ак ниетсиз же кош көңүл мамиледен улам кызмат адамы же мамлекеттик кызматчы тарабынан өзүнүн милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда, эгерде ал Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга мыйзамсыз берүүгө же Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо үч жылга чейин мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [315-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-315)  
Кийинки берене: [316-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-316)
