# 315-статья. Кызматтык жасалмачылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203196); 08.05.2009 [Закон КР от 8 мая 2009 года № 150 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203148); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 315-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-315

---

(1) Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы, ошондой эле мамлекеттик кызматчы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын , анын ичинде кызматтык адам болуп саналбаган, кызматчысы расмий документтерге жалган маалыматтарды атайылап киргизсе, мындай документтерге алардын чыныгы мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизсе, эгерде бул жосундар жеке пайда көздөп же башка жеке кызыкчылыктан улам жасалса, ошондой эле менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында жасалса - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн төрт миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 8-майындагы № 150, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-314)  
Кийинки берене: [3151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3151)
