# 314-статья. Пара берүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 246 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203196); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 13.02.2006 [Закон КР от 13 февраля 2006 года № 57 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1845)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 314-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-314

---

(1) Кызмат адамына, чет өлкөлүк кызмат адамына же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамына өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызмат адамы кандайдыр бир аракеттерди аткаргандыгы же аткарбагандыгы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн өзү же ортомчулар аркылуу акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүү, - эсептик көрсөткүчтүн эки миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) атайылап мыйзамсыз аракетти (аракетсиздикти) жасоо үчүн;

3) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында, -

эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө айыпка же болбосо үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү менен каралган жосундар:

1) уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгында;

2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. 1.(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Пара берген адам, эгерде кызмат адамы тарабынан опузалап пара талап кылуу жасалса, же адам алдыдагы пара берүү жөнүндө кылмыш-жаза ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 57, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

---

Мурунку берене: [313-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-2)  
Кийинки берене: [315-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-315)
