# 313-статья. Опузалап пара талап кылуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920042..920043>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 313-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313

---

(1) Кызмат адамы берүүчүнүн кызыкчылыктарында анын мыйзамдуу укуктарын бузган өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда кандайдыр бир аракеттерди аткарганы же аткарбаганы үчүн жеке кызмат адамы же башка жеке же юридикалык жак үчүн акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда түрүндө кызмат адамы жеке өзү же ортомчулар аркылуу опузалап талап кылганда, ошого тетеё аны өзүнүн укук тарабынан корголгон кызыкчылыктарына зыян келтирген кесепеттер келип чыгышынын алдын алуу максатында пара берүүгө мажбур болгондой шарттарга койгондо, - эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын жыйырма эседен отуз эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Опузалап пара талап кылуу:

1) ири өлчөмдө;

2) жооптуу кызмат адамы тарабынан жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн кырк миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын кырк эседен элүү эсеге чейинки суммасында айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. 313, 313-1, 313-2 жана 314-статьяларда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашкан акчалардын суммасы, баалуу кагаздардын, башка мүлктүн наркы, же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда ири өлчөмдөгү пара алуу деп таанылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-312)  
Кийинки берене: [313-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-1)
