# 313-2-статья. Пара алуудагы ортомчулук

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 313-2-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-2

---

(1) Пара берүүчүнүн же пара алуучунун тапшырмасы боюнча түздөн-түз пара берүү (пара алуудагы ортомчулук), - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен пара алуудагы же ири өлчөмдө пара алуудагы ортомчулук, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү:

1. Пара алуу же башка адамга пара берүү жөнүндө макулдашууга жетишүүгө жана аны жүзөгө ашырууга көмөктөшүүчү адам ортомчу-көмөкчү деп таанылат.

2. Пара алууга же башка адамга пара берүүгө ортомчу-көмөкчү болуп саналган адам, эгерде ал бул тууралуу кылмыш ишин козгоого укуктуу органга ыктыярдуу түрдө билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [313-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-1)  
Кийинки берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-314)
