# 313-1-статья. Пара алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 313-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-1

---

(1) Эгерде мындай аракет (аракетсиздик) кызмат адамынын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе же болбосо кызматтык абалына байланыштуу ушундай аракетке (аракетсиздикке) көмөк көрсөтүшү мүмкүн болсо, кызмат адамынын, чет өлкөлүк кызмат адамынын же болбосо эл аралык уюмдун кызмат адамынын жеке өзү же ортомчу аркылуу акчалай, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда түрүндө пара берүүчүнүн же анын өкүлү болгон адамдардын пайдасына жасаган аракет (аракетсиздик) үчүн пара алуу, ошого тете кызмат боюнча колдоочулук же билип туруп жол берүү, - эсептик көрсөткүчтүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын беш эседен он эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Мыйзамсыз аракети (аракетсиздиги) үчүн кызмат адамы, чет өлкөлүк кызмат адамы же эл аралык уюмдун кызмат адамы пара алса, - эсептик көрсөткүчтүн беш миңден он миңге чейинки өлчөмүндө же болбосо паранын он эседен жыйырма эсеге чейинки суммасында айып салынат же болбосо беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар:

1) мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат ордун бергендиги үчүн;

2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан;

3) ири өлчөмдө жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Эгерде ушул статьянын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -

эсептик көрсөткүчтүн отуз миңден элүү миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү:

1. 313-1 жана 314-статьяларда кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн ашкан акчанын суммасы, баалуу кагаздардын наркы, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү пайда өзгөчө ири өлчөмү пара алуу деп таанылат.

2. Ушул Кодекстин статьяларында чет мамлекеттин мыйзам чыгаруу, аткаруу, администрациялык же сот органында кандайдыр бир кызмат ээлеген дайындалган же шайланган адам же чет мамлекет үчүн, анын ичинде мамлекеттик ведомство же ишкана үчүн кандайдыр бир функция аткарган адам чет өлкөлүк кызмат адамы деп түшүнүлөт.

3. Эл аралык жарандык кызматчы же мындай уюмдун атынан иш алып барууга ыйгарым укук берилген адам эл аралык уюмдун кызмат адамы деп түшүнүлөт.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [313-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313)  
Кийинки берене: [313-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-313-2)
