# 31-статья. Шериктиктин түрлөрү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 141 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203381)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920028..920029>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 31-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-31

---

(1) Жөнөкөй шериктик, татаал шериктик, уюшкан кылмыштуу топ, кылмыштуу чоң топ кылмыш шериктигинин түрлөрү катары табылат. (2) Ар бири кылмыш курамында каралган аракетти жасаган эки же андан көп адамдардын кылмыш жасашы жөнөкөй шериктик (кошо аткаруучулук) деп табылат. Жөнөкөй шериктик эки түрдө болушу мүмкүн:

1) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүмсүз жасалган;

2) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган.

(3) Милдеттерди (уюштуруучунун, шыкакчынын, аткаруучунун жана көмөкчүнүн) бөлүштүрүү менен эки же андан көп адамдар тарабынан кылмыш жасоо татаал шериктик деп табылат. (4) Кылмыш жасоо үчүн алдын ала уюшуп алган эки жана андан көп адамдардан турган туруктуу топ уюмдашкан кылмыштуу топ деп табылат. (5) Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдын ала уюшуп алган эки же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси кылмыштуу чоң топ (кылмыштуу уюм) деп табылат. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-32)
