31-статья. Шериктиктин түрлөрү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2011 года № 141
(1) Жөнөкөй шериктик, татаал шериктик, уюшкан кылмыштуу топ, кылмыштуу чоң топ кылмыш шериктигинин түрлөрү катары табылат. (2) Ар бири кылмыш курамында каралган аракетти жасаган эки же андан көп адамдардын кылмыш жасашы жөнөкөй шериктик (кошо аткаруучулук) деп табылат. Жөнөкөй шериктик эки түрдө болушу мүмкүн:
1) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүмсүз жасалган;
2) адамдар тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган.
(3) Милдеттерди (уюштуруучунун, шыкакчынын, аткаруучунун жана көмөкчүнүн) бөлүштүрүү менен эки же андан көп адамдар тарабынан кылмыш жасоо татаал шериктик деп табылат. (4) Кылмыш жасоо үчүн алдын ала уюшуп алган эки жана андан көп адамдардан турган туруктуу топ уюмдашкан кылмыштуу топ деп табылат. (5) Оор жана өзгөчө оор кылмыштарды такай жасоо үчүн алдын ала уюшуп алган эки же андан көп адамдардын же топтордун туруктуу бекем бирикмеси кылмыштуу чоң топ (кылмыштуу уюм) деп табылат. (КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-31" title="31-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>