# 308-1-статья. Мыйзамсыз баюу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-308-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 308-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-308-1

---

(1) Ал жүйөөлүү негиздеп бере албаган кызмат адамынын активдеринин анын мыйзамдуу кирешелеринен олуттуу көбөйүшү, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн үч миң эсе ашкан акчалардын суммасы, баалуу кагаздардын, башка мүлктүн наркы, же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда активдеринин олуттуу көбөйүшү деп таанылат. Эгерде кылмыш жасалган учурга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш миң эсе ашкан акчалардын суммасы, баалуу кагаздардын, башка мүлктүн наркы, же мүлктүк же мүлктүк эмес мүнөздөгү пайда ушул статьяда каралган жосундар ири өлчөмдө жасалды деп таанылат. Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 25 июну №35-р

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [308-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-308)  
Кийинки берене: [309-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-309)
