# 307-1-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимдеринде (контракт) каралган электр менен камсыздоонун чектөөлөрүн колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарбоо же болбосо турмуш-тиричиликти камсыздоонун башка булактарынан өчүрүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-307-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 307-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-307-1

---

(1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимдеринде (контракт) каралган электр менен камсыздоонун чектөөлөрүн колдонуу же токтотуу (өчүрүү) шарттарын аткарбоо же турмуш-тиричиликти камсыздоонун башка булактарынан өчүрүү кызмат адамы, ошого тете коммерциялык же башка уюмда башкаруу функциясын аткарган адам тарабынан жасалса, эгерде бул байкабастыктан ири зыян келтирүүгө, саламаттыгына оор зыян келтирсе же башка оор кесепеттерге алып келсе, - эсептик көрсөткүчтүн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же эки жылга чейин эркиндигин чектөөгө же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [307-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-307)  
Кийинки берене: [308-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-308)
