# 305-статья. Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 305-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305

---

(1) Кызмат адамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринен өтө эле аша чапкан жана ушул Кодекстин 305-1-статьясында каралган кылмыштын белгилери болбогондо, адамдардын, юридикалык жактын укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун же мамлекеттин мыйзам тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттерди жасаса, - бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдын үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыктарында;

2) жооптуу абалды ээлеген, кызмат адамы тарабынан;

3) зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу алдында;

4) курал же атайын каражаттарды колдонуу менен;

5) оор кесепеттерге алып келүү менен жасалса;

6) менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштыруу максатында, -

жыйырма миңден отуз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 8-майындагы № 150, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3041-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3041)  
Кийинки берене: [305-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-1)
