# 305-2-статья. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 305-2-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-2

---

Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерди кызмат адамынын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга менчикке же убактылуу пайдаланууга берүүсү, - беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңден эки миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Кызмат адамы тарабынан менчигинин түрүнө карабастан жерлерди бир категориядан башка категорияга мыйзамсыз которуу (трансформациялоо) менен, анын ичинде ар кандай арналыштагы объекттерди куруу үчүн берүү максатында жердин максаттуу арналышын өзгөртүү менен жасалган ошол эле жосун, ага тете кызмат адамы тарабынан документтерге жерлерди мыйзамсыз которууга алып келген жалган маалыматтарды атайылап киргизүү, - мүлкүн конфискациялоо жана беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кызмат адамы деп мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ишканаларда кызмат ордун ээлеген жана кызмат орду боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу жана алардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуучу адам таанылат. (КР 2004-жылдын 7-мартындагы № 17, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [305-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-1)  
Кийинки берене: [306-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-306)
