# 305-1-статья. Кыйноо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 305-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-1

---

(1) Кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же жасады деп шек туудурган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого аны же башка адамды мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, же кандай болбосун мүнөздөгү теңсиздикке мүнөздөлгөн кандай болбосун себеп боюнча, мындай аракет кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу боюнча же анын көрүп-билүүсү менен же ичтен макулдугу менен жасалса, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) кош бойлуу экени айыпкерге белгилүү болгон аялга, же жашы жетпегендерге карата жасалса;

2) алсыз абалда болгон адамга карата жасалса;

3) өзгөчө мыкаачылык менен жасалса;

4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса;

5) оор кесепеттерге алып келсе, ошого тете саламаттыгына оор залал келтирсе же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [305-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305)  
Кийинки берене: [305-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305-2)
