Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
305-1-статья. Кыйноо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 30-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Кайсы бир адамга андан же башка адамдан маалымат алуу же аны мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же жасады деп шек туудурган жосун үчүн аны жазалоо, ошондой эле коркутуу жана белгилүү бир аракеттерди жасоого аны же башка адамды мажбурлоо максатында атайылап уруп-сабаса же азапка салып кыйнаса, же кандай болбосун мүнөздөгү теңсиздикке мүнөздөлгөн кандай болбосун себеп боюнча, мындай аракет кызмат адамы тарабынан же болбосо анын шыкактоосу боюнча же анын көрүп-билүүсү менен же ичтен макулдугу менен жасалса, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:
1) кош бойлуу экени айыпкерге белгилүү болгон аялга, же жашы жетпегендерге карата жасалса;
2) алсыз абалда болгон адамга карата жасалса;
3) өзгөчө мыкаачылык менен жасалса;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса;
5) оор кесепеттерге алып келсе, ошого тете саламаттыгына оор залал келтирсе же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 3245-VI "2018-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын…Постановление · 18.09.2019 · № 3245-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 566-VI "2015-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн…Постановление · 19.05.2016 · № 566-VI
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 179 "1999-2011-жылдар аралыгында кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркына шек келтирүүчү мамиле түрүнө жана…Постановление · 16.03.2012 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы №529 ""Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.08.2009 · № 529 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы №667 "Мүлктү, билдирилбеген салыктык жана бажылык милдеттенмелерди легалдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 29.10.2009 · № 667 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-305-1" title="305-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>