# 3041-статья. Мамлекеттик контролдоо органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111609)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.06.2017 [Закон КР от 6 июня 2017 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам защиты предпринимательской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111609); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 05.08.2003 [Закон КР от 5 августа 2003 года № 192 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1318)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920082..920083>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-3041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 3041-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-3041

---

1) Мамлекеттик контролдоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүү, эгерде бул текшерүүлөр жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарына жана таламдарына доо кетирсе, -

бир миңден эки миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же мамлекеттик контролдоочу органдарда белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен бир жылдан үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2) Ошол эле жосун өзү үчүн же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, -

үч миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3) Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосун кесепеттерге алып келсе, -

беш миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат. (КР 2003-жылдын 5-августундагы № 192, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [304-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-304)  
Кийинки берене: [305-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-305)
